Коом
Атайын багыттагы полктун кызматкерлери эс-учун жоготкон жарандын өмүрүн сактап калышты

2024-жылдын 9-июль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Ысык-Көл районунда коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Жалил уулу Шамил жана милициянын улук сержанты Айбек Бийдинов көлдө пирстен секирип эсин жоготуп койгон жаранды суудан алып чыгышты.
Милиционерлер жабыркаган Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын 1990-жылы туулган тургунун көл жээгине алып чыгышып биринчи медициналык жардам көргөзүшүп, андан соң тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери алгылыктуу иштерди алып барышууда.



