Коом

Милиция тарабынан Арстанбаптагы эс алуучу жайлар текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Базар-Коргон РИИБи тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландар түзүлүп, анын алкагында бир топ текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык район аймагында жайгашкан Арстанбап жергесиндеги эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери түшүндүрүү жумуштарын алып барылып. Алар эс алуучу жана тамактануучу, эт сатуучу жайларды, базарларды, аттракциондорду кыдырышып, санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышкан Сатуучуларга кардарлар менен иштешүүдө аралыкты сактап, кол алышып жана кучакташып учурашпоо керектиги айтылып. Аттракцион иштеткендерге убагында дезинфикциялоо жумуштарын жүргүзүү зарылдыгы эскертилген.
Тиешелүү кызматтар менен биргеликте эс алуучу жайга кирип-чыккан ар бир унаа дезинфекциядан өткөрүлүүдө. Келген конокторду ташып иштеген автоунаа айдоочуларына бет кабы жокторду унаага салбоо керектиги билдирилди. Ошондой эле өздөрү санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди кармануу зарылдыгы жеткирилди.
Милиция кызматкерлери эс алууга келген жана жергиликтүү жашоочуларды медициналык талаптарды так сактоого жана сууга түшүүдө этият болууга чакырышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button