Коом
Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйгө коюу туман түшөт
Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн айрым аймактарына коюу туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Туман күнү бою турары күтүлүүдө.
Синоптиктердин айтымында, бүгүн, 18-февралда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан катуу жаашы ыктымал.



