Коом
15-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-ноябрда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерге туман.Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −2…-7, күндүз +2…+7
Талас жергесинде түнкүсүн −1…-6, күндүз +1…+6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1…-3, күндүз +5…+10
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2…-7, күндүз +2…+7
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн −5…-10, күндүз +1…+6.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −3…-5°, күндүз +5…+7° жылуу болот.



