Коом

УКМК: Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдары коррупция фактысы боюнча кармалды — ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК бийлик системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Токмок шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана аткаруучу иш-каналардын жетекчилерине карата сейил бакты көрктөндүрүү, ошондой эле шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алсак, маалыматтарга ылайык, Токмок шаарындагы спорт мектебин жана сейил багын оңдоп-түзөө иштери боюнча тендердин жеңүүчүсү болуп «Аль-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсы табылып, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашык болгон.

Ошол эле учурда аталган спорт мектебин оңдоп-түзөө жана сейил бакты көрктөндүрүү иштери 2024-жылдын башында башталып, жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.

Спорт мектебинин имаратын капиталдык оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил багын көрктөндүрүү үчүн 44 млн 283 миң сомду түзгөн.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жана дайындалган аудитордук текшерүү иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамын одоно бузуулар, карама-каршылыктар, ошондой эле иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүн ашыра көрсөтүү жана жасалма отчетторду берүү фактылары аныкталган. Көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды Токмок шаарынын мэри «Н.М.О.», аткаруучу иш-кананын жетекчиси «К.Т.Э.», мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы «Т.у.А. жана техникалык көзөмөл боюнча адис «А.А.Э.» — өз ара сүйлөшүп алып ишке ашырышкан.

Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 24-июнунда «Н.М.О.», «К.Т.Э.», «Т.у.А.» жана «А.А.Э.» кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын толук көлөмүн документтештирүү жана аныктоо максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button