Коом

ИИМ: Төрт жетекчи кызматтан алынып, 37сине тартиптик жаза берилди

2024-жылдын 31-январында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жыл ичиндеги  аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. 

Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, алардын орун басарлары, райондук-шаардык бөлүмдөрдүн, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн жылдын жыйынтыгы менен жалпы 285 кызматкерге, анын ичинен  68 жетекчи курамдагы жооптуу кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген. 

Андан сырткары бүгүнкү коллегиянын чечими менен 37 жетекчиге тартиптик жазалар берилди, анын ичинен 4 жетекчи ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бир топ жетекчи кызматкерлер мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү биринчи чейректин жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы  ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы эскертилди. “Коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди. 

“Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”, — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button