Коом
Москвада 23 жаштагы кыргызстандык зордукталганын билдирди

Москвада 23 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталганын билдиргенин орусиялык басылмалар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
Ал полицияга билдиргендей, кылмыш 16-августка караган түнү Орусиянын баш калаасынын түштүгүндө болгон. Анын айтымында, көчө шыпырып иштеген киши (болжол менен кыргызстандык) тапанчага окшош буюм менен коркутуп, кызды турак жайдын таштанды чыгаруучу бөлмөсүнө алып кирип, кордогон. Шектүү кармалып, кылмышын мойнуна алган.



