УКМК: «Токмок ПАТП» ААКсын (автобекет) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген, «Токмок ПАТП» ААКны (автобекет) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Ошол эле учурда мамлекеттин үлүшү 30%ды түзүп, бирок мамлекет «Токмок ПАТП» ААКтын ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд алган эмес.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционерлер «Токмок ПАТП» ААК Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.



