Казакстан менен чектеш эки өткөрүү пункту «эл аралык» макамын алат

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети «2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттары тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун карады.
Документ протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Ал 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевтин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.
Макулдашууга кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарына байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Тактап айтканда, «Камышановка — автожол» өткөрүү пунктунун аталышын «Томонку-Чүй — автожол» деп өзгөртүү, ошондой эле анын макамын эл аралык деңгээлге көтөрүп, сутка бою иштөө тартибине өткөрүү сунушталууда.
Мындан тышкары, «Кичи-Капка — автожол» өткөрүү пунктун да эл аралык макамга өткөрүп, 24/7 режиминде иштетүү пландалууда.
Бул чечим кыргыз-казак чек арасынан жарандар жана транспорт каражаттары өтүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүү, чет өлкөлүк туристтерди тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында кабыл алынууда.



