Коом

Акыркы эки жумада жугуштуу оорулар ооруканасына кене чаккан 41 адам кайрылган

1-апрелден 13-апрелге чейин Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кене чаккан 41 адам кайрылган, анын ичинде 21и — балдар.

Медициналык мекеменин маалыматына ылайык, көрсөтмө боюнча бир бала ооруканага жаткырылган. Калган бейтаптар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, тиешелүү сунуштар берилген.

Дарыгерлер эскертишет: кенелердин активдүүлүгү эң жогорку деңгээлге май-июнь жана август-сентябрь айларында жетет. Табиятта эс алууда этият болуу сунушталат.

Кене энцефалити — борбордук нерв системасын негизинен жабыркаткан курч жугуштуу вирустук оору.

Кене энцефалити менен ооруганда адам алгач алсыздыкты, жалпы начарлоону сезет. Болжол менен бир жума өткөндөн кийин бул белгилер жоголушу мүмкүн, бирок андан соң экинчи баскыч башталып, ал катуу баш оору жана жогорку дене табы менен коштолот. Инкубациялык мезгил (жугузуп алгандан баштап алгачкы белгилер чыкканга чейин) көбүнчө 7–14 күндү түзөт, айрым учурларда 1 күндөн 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button