Коом
Бишкекте окуучунун IPhone телефону менен акчасын карактаган жигит кармалды

Бишкек шаарынын Лущихина менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде 16 жаштагы мектеп окуучусун тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, өспүрүмдү коркутуп, IPhone 11 Pro үлгүсүндөгү телефонун жана 5 миң 600 сомун алып алышкан.
Окуя 13-августта болгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2007-жылы туулган С.Э. аттуу жаран кармалды.



