Коом

Ноокаттагы “ЮКЦ” цемент заводу жергиликтүү элге материалдык жардамын көрсөтүп келет — ВИДЕО

2019-жылдан бери Ноокат районунда  Кытай корпорациясынын цемент заводу “ЮКЦ” цемент өндүрүшүн иштетип келет. Бул компания  өлкөгө салык төлөп, жергиликтүү жана башка аймактардан келген элди иш менен камсыз кылууда.  Андан тышкары  жергиликтүү элге да материалдык жардамын көрсөтүп келет.

Бул завод жылына 125 миң тонна цементти жергиликтүү  Ноокат районунун элине жардам катары берип турат. Жергиликтүү элдин жана социалдык курулуш иштерине да материалдык жактан жардамын берип турат. Мисалы, өткөн  жылы жаңы байракты орнотууда 25 тонна цемент керектелген. Бул цементти аталган заводдон бекер алышкан. 

Андан тышкары өткөн жылдын аягында, 30-декабрда жаңы жыл алдында жергиликтүү элге, пенсионерлерге жана аз камсыз үй-бүлөлөргө 50 миң сомдон жардам катары беришкен.

Бул  цемент заводу Кызыл-Кыя шаарына да бир топ жардамдарды көрсөүп келет. Жергиликтүү башкаруу бийлигинин айтымында  жардамга муктаж адамдарга дайыма  колдоо көрсөтүүдө.  Кызыл-Кыя  шаарындагы стадиондун курулушуна жана веложолдорду салууда 70 тонна цемент бекер берген.   Мындан тышкары ишембилик өткөрүп, талаа жумуштарына техникаларды берип турат.  Жергиликтүү  элдин талаа жана башка жумуштарына керектелүүчү техникаларынын абалы начар болгондуктан ушул заводдон  бекер техника алып иштерип бүтүрүп турушат.  Бул заводдо жергиликтүү эл иш менен камсыз болуп, социалдык обьектилерди курууда  жакшы жардам алышат.

Жергиликтүү  айыл аймагына бала бакчаларды салып, учурда 2018-жылдан бери бакча иштеп жатат. Бакчада 75 бала тарбияланат. Бала бакчаны курууга 12 миллион 800 миң сом заводдон бөлүнгөн.

Андан тышкары спорт комплексин курууга да чоң сумма бөлүнүп, курулушуна жардам  көрсөткөн.  Жергиликтүү социалдык курулуштарга дайыма бекер цементтер ушул заводдон берилип турат. 

Бул видеодо цемент заводунун ишмердүүлүгүн көрсөңүз болот:

Ноокаттагы «ЮКЦ» цемент заводунун ишмердүүлүгү

Айыл жергесиндеги арыктарга  цемент лотокторду курууда жана башка курулуш иштерине бул завод өзгөчө жардамын берип, жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, элдин көйгөйүн чечүүгө жана өндүрүштү мыкты иштетүүгө аракеттерин жасап келет.

Булак: Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button