ДүйнөКоом

Мени шок кылды. Такер Карлсон Москвадан алган таасирлерин айтып берди

Москва америкалык шаарларга караганда тазараак, коопсузураак, андан сырткары, архитектурасы менен тамак-ашы да жакшы.

Мындай пикирин америкалык журналист Такер Карлсон Дубайдагы саммитте айтты.Саясий баяндамачы Москванын таасирлерин сөз менен жеткириш кыйыныраак экенин да белгилеген.

«Мен мурда болбогон Москва шок кылды. 13 миллион калкы бар Европадагы ири шаар. Өлкөмдөгү шаарлардан алда канча жагымдуураак экен. Муну мурда билбептирмин», — деген ал.

Карлсон Россия калааларынын архитектуралык жана башка, маселен, тамак-аш жагынан артыкчылык кыларын айткан.

“Алда канча таза, коопсузураак жана эстетикалык жактан жакшынакай. Архитектура, тамак жана сервис Штаттагы кайсы гана шаардан болбосун жакшы», — деген журналист.

Февралдын башында Карлсон биринчи ирет Москвага келген. Россия лидери Владимир Путинден эки сааттык интервью алган. Журналист америкалыктар Россия менен Украинада эмне болуп жатканын такыр эле билбегендиктен улам Путин менен маектешүүнү чечкенин түшүндүргөн.

Такер Карлсон — Америкадагы рейтинги жогору болгон саясий баяндамачы. 54 жашта. 2016-жылдан тарта 2023-жылдын апрель айына чейин Fox News телеканалында саясий ток-шоу алып барган. Мурда The Daily Caller жаңылыктар сайтынын автору жана шеф-редактору да болуп иштеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button