Коом

Кызыл-Кыяда видеобайкоонун жардамы менен тоноочулуктун бети ачылды

Кызыл-Кыя шаарында 60 жаштагы Ноокат районунун тургуну милицияга кайрылып, ага белгисиз эки жаран күч колдонуп, коркутуп, Samsung Galaxy A52 үлгүсүндөгү кол телефонун тартып алышканын билдирген. Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноочулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
    
Окуя болгон аймакта коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн Баткен ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын сержанты Ш.Абдиев коомдук жайларга коюлган видеобайкоолордун жардамы менен шүктүүлөрдүн жүргөн жерин аныктап, Кадамжай районунун Мин-Чынар айылынын 1987-жылы туулган тургуну К.М. жана Ноокат районунун Жал айылынын 1985-жылы туулган тургуну К.Аны Ош облусунун Кара-Суу районунан кармап, алып келишкен.
    
Жабырлануучунун уурдаган телефону кайтарылып берилип, кармалган шектүүлөр  кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button