Алайда аял сүрөткө түшкөн жерине миллион рубль салынган сумкасын унутуп кеткен

Ош облусундагы Чыйырчык ашуусунда жергиликтүү тургун ичинде 1 миллиондон ашык рубли бар сумкасын унутуп кеткен. Акчанын жоголгонун байкаган аял жардам сурап кайрылган.
Анын айтымында, окуя 24-май күнү саат 19:00дөр чамасында болгон. Аял Оштон Алай районунун Сопу-Коргон айылына бара жатып, Чыйырчык ашуусуна сүрөткө түшүү үчүн токтогон.
Сүрөткө түшүп жаткан учурда ал акча салынган сумкасын жерге коюп, кайра жолго чыкканда унутуп кетип калган. Кийин кайра келип караса, сумка ордунда жок болуп чыккан.
Аял жакында эле Москвадан кайтып келген. Ал бул акчаны үй алуу үчүн көптөн бери чогултуп жүргөнүн айткан. Айт майрам күндөрүндө ал мекендештеринин ак ниеттүүлүгүнө үмүт артып, сумканы таап алгандар кайтарып берет деп ишенип жатканын билдирген.
Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы да тастыктады. Маалыматка ылайык, 24-май күнү бул факты Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Учурда милиция тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.



