Коом

Бишкекте Курман айт намазы эски аянтта окулду

Бүгүн, 27-майда миңдеген мусулмандар борбор калаадагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтка чогулуп, Айт намазын окушту. Намаз башталганга чейин дин өкүлдөрү майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу айтып, бул күнү мусулмандар кандай жакшы иштерди жасашы керектигин, ошондой эле курмандык чалуу жөрөлгөсүнүн маанисин түшүндүрүштү.

Айт намазга президент Садыр Жапаров дагы катышып жатат.

Белгилүү болгондой, Айт намазы Бишкектин борбордук аянттарында, ошондой эле Ош жана Манас шаарларында окулду. Калган аймактарда майрамдык намаз мечиттерде окулду.

Алдын ала маалымат боюнча, борбордогу эски аянттагы майрамдык ибадатка болжол менен 30 миңдей адам катышты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Курман айт маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча 10 миң милиция кызматкери тартылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button