Коом
Маданият конушунда Талды-Суу көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Борбор калаанын Маданият конушунда Талды-Суу көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматкери билдирди.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 20-октябрынан 10-ноябрына чейин Аскер институтунан №143 үйгө чейинки аралыкта канализациялык коллектордун курулуш иштери жүргүзүлөт.
Траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин жолдун асфальт жабуусу калыбына келтирилет.
Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Подрядчы — “Арай” ЖЧКсы.



