Коом

Жумабеков батыш автовокзалы көчүрүлгөн жерде жөнөкөй да шарт жоктугун айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков батыш автовокзалы көчүрүлгөн жаңы автовокзалдын шартына нааразы болду.

«Автовокзал машина базарынын аймагына көчүрүлдү. Ал жакта убактылуу болот деп айтып жатышат. Бирок ал жерде шарт жок. Адамдар ал жерге Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан келишет. Шарттар жок, көзөмөлгө алгыла. Контейнер коюп койдуңар, а инфраструктура жок. Даараткана, намазкана, ашкана жок. Кышында абдан суук, а жайында абдан ысык», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button