Коом

Ак-Суу районунда эң кооптуу тоо жана суу тилкелерине жакын жерде маалыматтык баннерлер орнотулду — ФОТО

Ак-Суу районунда тоо туризми жыл сайын жергиликтүү калк арасында да, башка аймактардан, ал тургай чет өлкөлөрдөн келген туристтер арасында да өзгөчө популярдуу болууда. Өзгөчө, жайкы мезгилде аталган багыттарда туристердин жана эс алуучулардын кескин санын байкоого болот.

Бүгүнкү күндө, Ак — Суу району аймактын түздүгү жана тоолуу бөлүгү боюнча 10-го жакын туристтик маршруттарды сунуштап келет, алардын көбү балдарга да, улгайган адамдарга өтө ыңгайлуу.

Туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ак-Суу районунун милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү күн сайын эң популярдуу болгон багыттарды кыдырып чыгышууда. Адистер ушул жуманын башынан эле 8 профилактикалык рейд өткөрүштү. Рейддердин жүрүшүндө аныкталган массалык эс алуунун жаңы участокторуна эскертүүчү маалыматтык баннерлер орнотулууда. Ошондой эле, кырсыктар көп катталган жерлерде маалыматтык баннерлерди орнотуу иштери да жүргүзүлдү.

Жалпысынан, Ак-Суу районунун тоолуу багыттары боюнча мындай маалыматтык баннерлер менен 30-га жакын тоо каттамдары жабдылды, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button