Коом

КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскерлери кан тапшырышты

2023-жылдын 4-августунда 10126 аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунда Кыргыз Республикасынын “Донордук кан жана анын компоненттери жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын өздүк курамы ырайымдуулук жана муктаж болгондордун өмүрүн сактоого умтулуусу акты катары  кан тапшырышты.

Иш-чарага 70 ашуун  аскер кызматчылары – офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана жоокерлер катышышты. Иш-чаранын соңунда Улуттук гвардиянын жана Республикалык кан борборунун дарыгерлери аскер кызматчыларга адам өмүрүн сактап калуудагы ак ниеттүүлүк, камкордук жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти, —  деп айтылат КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын маалыматында

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button