
Эртең, 10-июнда эртең мененки саат 07:00дөн 08:00гө чейин Ош шаарынын үч кичи районунда, калктын сергек жана активдүү жашоосуна өбөлгө түзүү максатында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан эрте мененки көнүгүүлөр уюштурулат.Таңкы машыгуулар төмөнкү жайларда өтөт:— Токтогул Сатылганов атындагы сейил багы;— «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын Уркуя Салиева көчөсүндөгү аллеяда;— «Керме-Тоо» аймактык башкармалыгынын Анар кичи районундагы Абдыкадыров көчөсүндөгү аллеяда.Иш-чаранын программасында булчуңдарды алдын ала жумшартуу, көнүгүүлөрдү аткаруу жана чуркоо бар. Таңкы көнүгүүлөр шаардын ар кайсы райондорунда ар ишемби күнү өткөрүлмөкчү. Максаты — шаар тургундарын жана конокторун дене тарбияга жана сергек жашоого тартуу болуп саналат.



