Коом

УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 1997-жылы мамлекеттик баланстан чыгарылып, жеке менчикке өткөн мектепке чейинки билим берүү мекемесине (бала бакча) мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы аныкталды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы №107 «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган бала бакчанын ээси, бала бакчаны ээликтен ажыратуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, аталган мекемеге болгон укукту жер тилкеси менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

1997-жылдан азыркы учурга чейин бала бакчанын имараты билим берүү багыты боюнча жеке билим берүү мекемеси катары пайдаланылгандыгын, ошондой эле чет өлкөлүк орто-атайын колледждердин жетишсиздигин эске алып, аталган объекттин мурдагы ээси менен бул объектини билим берүү ишмердүүлүгү үчүн пайдаланууга мындан ары ижара келишими түзүлөт.

КР УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button