Коом

Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланат

Кыргызстанда 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, былтыркы жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлө да, анда тарбияланган балдардын саны да 20 пайызга көбөйгөн. Маселен, 2023-жылы 1-июнга карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган.

Фостердик үй-бүлөгө дагы 45 бала талапкер катары министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турганы кошумчаланды.

Мындай үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу карап беришет. Мамлекет аларга ар бир бала үчүн жашоо минимумунан бир жарым эсе көп каражат чегерет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button