УКМК Ош шаардык мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады.
Тергөөдө аныкталгандай, Ош шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары К.М. башка кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, В.В. Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасынын имаратын бузуу үчүн жалган мамлекеттик сатып алууларды уюштурган.
Иш жүзүндө имаратты бузуу иштери тендер өткөнгө жана келишимдер түзүлгөнгө чейин эле — 2022-жылдын июль айынан сентябрь айына чейинки аралыкта — белгиленген процедуралардан сырткары, жеке тараптарды тартуу менен жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, имарат бузулгандан кийин калган жана 7 046 618 сомго бааланган курулуш материалдары мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул фактыны жашыруу максатында материалдарды жараксыз деп таануу боюнча жасалма акт түзүлгөн.
Мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 7 713 028 сомду түздү.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен К.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 31-октябрындагы чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, 300 000 сом айып пул салынган, ошондой эле мамлекетке 6 713 028 сом зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Ош облустук сотунун 2026-жылдын 9-февралындагы токтому менен бул өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.
Учурда соттолуучунун кассациялык арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралууда. УКМК соттук териштирүүнүн жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.



