Коом

Виктория Мозгачева кайрадан Бишкектин вице-мэри болду

Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан Айжан Чыныбаева расмий бошотулду. Анын ордунда социалдык маселелер менен Виктория Мозгачева эмгектенет.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы 10-майда билдирди.

В.Мозгачева бул кызматта 2020-жылдын 28-июлунан тарта 27-октябрга чейин эмгектенген. 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын тизмесинде №3 катарда талапкер болгон.

Кийин бул партия шайлоо эрежелерин бузган деген айып менен шайлоодон четтетилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button