Коом

“Асман Ойл Компани” жаңы стратегиялык күйүүчү май комплексин ишке киргизет

Бүгүн, 26-майда “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын туунду компаниясы болгон “Асман Ойл Компани” ЖЧКсынын жаңы күйүүчү май куюу комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, комплекстин курулушу 2022-жылдын май айында башталып, толугу менен компаниянын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө объект толук бүткөрүлүп, ийгиликтүү иштеп жатат.

Авиациялык күйүүчү май сактагычтарынын жалпы көлөмү 8 миң куб метрди түзөт. Жаңы комплекс Кыргыз Республикасынын бардык аэропортторундагы аба кемелеринин авиациялык күйүүчү майга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздайт.

“Асман Ойл Компани” ЖЧКсы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында авиациялык күйүүчү май жеткирүүчү алдыңкы компаниялардын бири катары ишенимдүү позицияны ээлейт. 2022–2025-жылдар аралыгында компаниянын таза кирешеси эки эседен ашык өсүп, 518 миллион сомдон 1 миллиард 205 миллион сомго жетти. Бул туруктуу өсүштүн, иштин натыйжалуулугунун жана Кыргызстандын авиация тармагынын ишенимдүү, системалуу жана динамикалуу өнүгүп жаткандыгынын олуттуу көрсөткүчү.

Мындан ары “Асман Ойл Компани” ЖЧКсы “Каракол” жана “Жалал-Абад” эл аралык аэропортторунда ушундай эле күйүүчү май куюу комплекстерин курууну пландаштырууда. Бул өлкөнүн авиациялык күйүүчү май менен камсыздоо инфраструктурасын мындан ары чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын авиация тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button