Covid-19га каршы вакцинаны үчүнчү ирет алуунун кереги жок экени айтылды

Эл аралык жана америкалык алдыңкы окумуштуулар Covid-19га каршы вакцинаны үчүнчү ирет алуунун кереги жок дешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оорунун жеңил түрүнө каршы Covid-19 вакцинасынын эффективдүүлүгү убакыттын өтүшү менен төмөндөп, бирок ар кандай катуу оорулардан коргоосу сакталышы мүмкүн. Бул организмдин иммундук системасынын татаалдыгы жана антителолордон тышкары адамды катуу оорудан коргой турган башка коргоо механизмдери менен байланыштуу болот.

Окумуштуулардын айтымында, күчтөндүрүүчү “мРНК” вакцинасынын экинчи дозасынан кийин кеңири таралган миокардит деп аталган сейрек кездешүүчү жүрөк сезгенүүсү сыяктуу терс таасирлердин пайда болуу коркунучун камтыйт.

“Эгерде керексиз күчөтүүчү вакцина олуттуу терс реакцияларды жаратса, COVID-19 вакцинасынан тышкары башка таасирлерди да жаратышы мүмкүн”, – деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо органдары рак жана ВИЧ илдетине чалдыккандарга жана органдарын трансплантациялаган адамдарга кайра вакцина алууга уруксат беришкен.