Коом
Дүкөндөн чыккан бойдон дайынсыз. Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы изделет

Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 14-сентябрда дүкөндөн чыккан бойдон жүргөн жери белгисиз болууда. Бул туурасында Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 14-сентябрда шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган.
«Ал 1999-жылы туулган кызы Азиза «Башмачок» дүкөнүнөн 14-сентябрда саат 14:00 чамасында чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү ишетри башталды. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти мекемеден.



