Ысык-Атанын Алмалуу айылында «Ассанабил» кайрымдуулук фонду ҮДТнын жаңы имаратын пайдаланууга берди

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Алмалуу айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылышына райондун акими Нуралы Курмантаев, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Роза Мукаева, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

ҮДТнын имаратынын курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, ишке берилди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратын куруу жана жабдуу иштерине жалпысынан 5,5 млн сом жумшалган.

Имараттын ичи заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Тиш дарылоочу, лаборатория, балдар кабинеттери, УДИ (УЗИ) аппараты жана башка бардык шарттары каралган.

Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна “Тез жардам” унаасы тапшырылды.