Коом
Петровкадагы 8-мекеменин аймагына тыюу салынган нерсени өткөрүүгө аракет кылышкан…

16-май күнү кечке мал, саат 16:30дар чамасында Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылындагы жайгащкан №8-мекеменин тосмолорунун биринин жанынан 2000-жылы туулган А.К.А аттуу жаран кармалды.
Мекеменин кызматкерлери өздөрү кайтарып жаткан түзөтүү мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрбөй кармап калышты.
Анын «Ауди» үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда 9,05 литр суюктук куюлган идиштер табылган, анын так курамын аныктоо үчүн тийиштүү адистерге жөнөтүлдү.
Аталган факты боюнча оперативдүү бөлүм тарабынан тиешелүү документтер топтолуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.







