Пайдалуу кеңештер

Тишти кандай учурда жулдуруп салган туура?

Учурда дарыгерлер тишти болушунча ордунда сактап калууга аракет кылышат. Бирок аны жулдурууга аргасыз кылган учурлар дагы болот.

Алар:
Тиштин тамырлары гана калса. Тиш жок болгондон кийин тамырлар бөлүнүп, өз-өзүнчө фрагмент болуп калат. Демек, мындан ары ден соолукка эч кандай пайда келтирбейт;

тиш бүйлөдөн 3 миллиметрдей төмөн түшүп кетсе. Мындай учурда тиш калбай калды деп эсептесе болот;

катуу сезгенген тиш. Сезгенүүдө тиштин өзүнөн өтүп, жаак сөөккө жайылып кеткен учурлар болот. Ага жеткирбөө керек;

тиштин курту тамырларга жетсе. Мындай учурда пломба коюу мүмкүн эмес болуп калат.

Ошондой эле дарыгерлер көбүнесе акыл азууну алып салууну сунушташат. Себеби ал алыс жайгашкандыктан тазалоо өтө татаал. Андыктан тамак жегенде калдыктары тыгылып кала берип, курт түшүп, сезгенүү процесстери көп болот. Анын үстүнө ал көпчүлүк учурда жанындагы жетилик тишти кысып калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button