Июнь айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин маалыматы
Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көп облустарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 21…23 градус жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +14…+16 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градустан 18…23 градуска чейин, күндүз 23…28 градустан 31…36 градуска чейин ысык болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, 19…21 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10дон +14…+19 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 30…35 градуска чейин ысык болору күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (26-31 мм).
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +22…+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24 градуска чейин, күндүз +22…+27 градустан 32…37 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болушу күтүлүүдө (13-19 мм, тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм).
Жалал-Абад облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +22…+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24кө чейин, күндүз +22…+27ден +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болушу күтүлөт (30-32 мм, тоо этектериндеги райондордо 27-92 мм).
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +22…+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24кө чейин, күндүз +22…+27ден 32…37 градуска чейин ысык болору айтылууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болору божомолдонду (19-21 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +15…+17 градус болушу күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден +11…+16 градуска чейин, күндүз +14…+19дан 24…29 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, чыгыш тарабында климаттык нормадан арбын болушу мүмкүн (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +14…+16 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан +8…+13 градуска, күндүз +15…+20дан +24…+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (38-56 мм).



