Маданият

“Эң мыкты кино долбоорлор” сынагына тасмалардын долбоорлорун кабыл алуу башталды

Жаш кинематографистерди колдоо максатында “Эң мыкты кино долбоорлор” сынагына көркөм жана даректүү тасмаларынын долбоорлорун кабыл алуу башталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, сынакка билдирмелер 2023-жылдын 14-апрелине чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу эрежеси:

— Көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат

— Кыргызстандын жараны болуш керек

— Долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат

Кино долбоор төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1. Кинематография департаментинин директорунун атына кат.

2. Өтүнмө (формасы тиркелет).

3.Долбоордун кыскача синопсиси (формасы тиркелет).

4.Календардык план (формасы тиркелет).

5.Сценарий.

6.Сценарийдин автору, режиссеру жана продюсеринин Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт).

7. Долбоордун бюджети (формасы тиркелет).

8. Кинодолбоордун режиссерунун, сценаристин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссердук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ (CV).

9. Режиссердун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.

10. Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга сунуштама.

11. Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

12.Кино долбоорду каржылоонун көлөмү жана булактарын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү.

13.Салык, камсыздоочу төлөмдөр жана туумдардын төлөө боюнча фискалдык органдардан (карызы жоктугун тастыктаган) маалымкат.

Эскертүү: жогорудагы тизмедеги талап кылынган иш кагаздар эки экземплярда болушу керек. Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button