Коом

Баткен облустук милициясында 6 ай ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 14-июль күнү Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында облус аймагындагы ички иштер органдарынын алты ай ичинде жер-жерлерде аткарган иштерин талкуулаган жыйын болду.
Жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, аймактык милиция бөлүмчөсүнүнүн начальниктери катышты.
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Мурат Боронов ыкчам кеңешмеде жер-жерлердеги милиция кызматкерлеринин коопсуздукту сактоодо ИИОнун ишмердүүлүгүн, иш-кагаздарынын аткарылышын, катталган кылмыштардын бетинин ачылышын талкуулап, кетирилген кемчиликтер боюнча катуу тапшырмаларды койду.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ачылбай калган кылмыштардын ачылышын, тергөө иштеринин акыйкат тергелишин, калк арасында жеңилдиктерди жаратуудагы сервистик тейлөөлөрдү учурунда жүргүзүүнү, ошондой эле аларга шарт түзүп берүү максатында Баткен облусундагы милициянын көчмө кабылдамасынын түзүлгөн графиктин негизинде алыскы аймактарга барып эл менен жолугушууларын күчөтүүнү белгилеп, 6 ай ичинде аткарган иштерин укту. Ошондой эле бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы боюнча иштин натыйжалуулугу талкууланды. Өз милдетин так аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жазаларды берди.
2023-жылдын 6 ай аралыгында тергөө багыты боюнча 544 сотко чейинки өндүрүш иши катталып, 474 кылмыш ишинин бети ачылып, былтыркы жылга салыштырмалуу +87,1%га жогорулаган. Коомдук жайда кылмыштарды болтурбоо, коомдун коопсуздугун сактоодо жер-жерлердеги аймактык тескөөчүлөр профилактикалык иштерди күчөтүүнү, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында рейддик иш-чараларды уюштуруу баса белгиленип, ошондой эле катталган кылмыштардагы жарандарга келтирилген зыяндарды кайтаруу боюнча катуу талаптарды коюп, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Жыйындын соңунда Баткен ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Мурат Боронов “Элдин социалдык турмуш шартына терс таасирин тийгизген кылмыштар убагында бети ачылып, келтирилген чыгымдар өз ордуна кайтарылганда гана эл бизге ыраазы болот”- деп баса белгилеп кетти.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү, коомдук тартипти камсыз кылуудагы ишмердүүлүгү менен 6 айдын жыйынтыгында Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери мактоого алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button