Коом
Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦтеги авария фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Жарылуу кызматтагы адамдардын өз милдеттерин так аткарбагандыктан жана коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
“Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркады. Бишкектеги үйлөр менен ишканаларга жылуулук берүү токтоп, ири өлчөмдө зыян келтирилди”, — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен иш козголду. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзөт.



