Коом

Сууга туура эмес секирүү оор кесепеттерге алып келет

Сууга ийгиликсиз секирүү оор жаракаттарга, атүгүл өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык, бийиктиктен сууга секирген адам түбүнө катуу урунуп калуу коркунучуна кабылат. Айрыкча башы менен ылдый карай секирүү өтө кооптуу. Мындай учурда дененин бүт салмагы моюн омурткаларына түшүп, алар күч келүүгө туруштук бере албай калышы мүмкүн. Мындай жаракаттын кесепети өтө оор болушу ыктымал.

Ошондой эле министрлик пирстен сууга секиргенде сууга туура эмес түшүп калуу коркунучу бар экенин белгиледи. Мисалы, жону же курсагы менен түшүп калса, ички органдар жана таяныч-кыймыл аппараты олуттуу жабыркашы мүмкүн.

Мындан тышкары, муздак сууга капысынан секирүү сууктан болгон шокко алып келип же адамдын чөгүп кетишине себеп болушу мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды пирстерден жана башка бийик жерлерден сууга секирүүдөн баш тартууга чакырып, мындай көңүл ачуу ден соолукка жана өмүргө олуттуу коркунуч жаратарын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button