Кызыктар
Казакстанда 86 килограммдык казыбургер даярдалды

Казакстанда салмагы 86,4 килограмм болгон казыбургер даярдалып, өлкөнүн рекорддор китебине кирди. Алп казыбургерди Балхаш шаарынын ашпозчулары жасап, аны туристтик фестивалда көрсөтүштү. Бул тууралуу Караганда облусунун акимчилиги билдирди.
Balkhash Tour Fest-2026 фестивалы дагы бир гастрономиялык жетишкендик менен тарыхта калды. Рекордду Казакстандын рекорддор китебинин өкүлү расмий түрдө каттады.
Гигант казыбургердин бийиктиги 39 сантиметрди, диаметри 89 сантиметрди түзгөн.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, аны даярдоого бир нече килограмм тоок эти, уй эти жана казы, ошондой эле помидор, көк чөптөр жана соус колдонулган.



