Кызыктар
21- июнь жылдын эң узак күнү болот

Алдыдагы ишембиде, 21-июнда жайкы күн тоқтошу (күндүн эң бийик чекке жетиши) болот. Бул күнү Түндүк жарым шарда күндүн узактыгы жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүчкө жетет.
Астрономдордун маалыматына ылайык, күн тоқтошу Москва убактысы боюнча саат 11:24тө болот. Дал ушул учурда Күн асмандагы эң жогорку абалына чыгат.
Бул күн жылдагы эң узак күн болуп саналат. Мисалы, Москва кеңдигинде жарык убакыт 17 саат 33 мүнөткө созулат. Ал эми андан кийинки түн жылдагы эң кыска түн болуп, болгону 6 саат 27 мүнөткө гана жетет.
Жайкы күн тоқтошунан кийин күн акырындык менен кыскарып, түн узара баштайт. Күн менен түндүн узактыгы кайрадан 23-сентябрдагы күзгү теңелүү күнү теңелет. Ал эми эң кыска күн 21-декабрдагы кышкы күн тоқтошунда болот.



