Коом

Бишкекте Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү 10 күнгө жабылат

Бишкекте 30-июндан тарта Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, чектөө канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Унаа кыймылы үчүн Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Куренкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат. Чектөө 10 күнгө созулат.

Бул тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн кийинки бөлүктөрү да ар бири 10 күндөн кезектешип жабылып турат.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаар тургундарын жана айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button