Бишкекте коомдук транспортто өспүрүм кызга ыдык көрсөткөн деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери коомдук транспортто жашы жете элек кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп шектелген эркекти кармашты.
Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 28-июнда саат 17:30 чамасында 15 жаштагы кызы коомдук транспортто арткы орундукта бара жаткан учурда жанында отурган белгисиз эркек анын санына колу менен тийген.
Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 35 жаштагы Б.А. болуп чыгып, андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кармалган.
Бишкек ШИИББ шаар тургундарын, айрыкча балдар жабыркаган учурларда, бардык мыйзамсыз аракеттер тууралуу дароо 102 кызматына кабарлоого чакырды.
Ошондой эле укук коргоо органдары ата-энелерге балдары менен коомдук жайлардагы коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу көбүрөөк сүйлөшүп, мүмкүн болушунча алардын жүрүү маршруттарын көзөмөлдөп турууну сунуштады.



