“Семетей” ооруканасындагы оңдоо иштери бүтүп калды

“Семетей” ооруканасында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, блоктордун бирин 50 орундуу реанимация бөлүмүнө ылайыкташтыруу ишке ашырылды. Дубалдарды демонтаждоо жана актоо, канализация тутумун орнотуу, блокторго электр зымдарын орнотуу, блокторго флакондорду орнотуу, жандандыруу блогунун кире беришине тамбур орнотуу жана блоктордун дубалдарын суу негизиндеги боёк менен актоо иштери жүргүзүлдү. Оорукананын имаратын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн электр конвекторлорун сатып алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.