Коом

Тажиктер чек арада каза болгондорду жашырып, маркумдардын сөөгүн туугандарына бербей жатышат

Кыргыз-тажик чек арасынан келип чыккан чырдан улам Кыргызстандын 38 жараны набыт болуп, жарадар болгон 100дөн  ашык адам Бишкекке алып келинген. Ал эми  Тажик тараптан 10 го чукул аскер жарадар болгону айтылган менен бирок так санын алар жашырып коюшкан.

Тажикстандагы «Азаттык» радиосу «Озоди» Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзоданын далысына ок тийгенин кабарлаган.

«Озодини» кабарчысы Ворухтагы жана Ходжа Ало айылындагы тажиктердин арасында курмандыктар дагы бар деп билдирген, бирок муну тастыктоо мүмкүн эмес болгон, анткени дарыгерлерге жана жергиликтүү бийликке ММК менен байланышууга тыюу салынган. Тажиктер биринчи кол салып алып, бирок алсыз аскерлери кыргыздардын куралсыз жарандарына туруштук бере албай калганын жарыялагысы келбей, намыстанып жатабы ким билсин. Ушул кунго чейин Исфара районундагы  өлүкканада дагы деле болсо кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда курман болгон  аскер кызматкерлеринин сөөгү жатканы боюнча кептер каптады. 

Маркумдардын сөөгүн түнкүсүн 1ден, 2ден гана  өткөрүлүп беришип, Татарстан Республикасынын жетекчилигинин тыкыр көзөмөлү астында түнү менен жаназа окулуп жатат дейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button