Коом

Быйыл буудай 42% аз жыйналды

Улуттук статистика комитети республикада дан эгиндерин жыйноо толук аяктаганын билдирди.

Маалыматка караганда, 23-ноябрга карата 577 миң гектар аянттан жыйналып, 1,4 миллион тонна дан бастырылды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 29% аз.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндеринин түшүмү азайган. Буудайдын түшүмү 42,%, арпаныкы 46,% кыскарды.

Ал эми май өсүмдүктөрүнүн жыйымы — 25,4%, кант кызылчасы — 19%, бакча өсүмдүктөрү — 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 3,9%, жүгөрү — 3,3%, картошка — 2,9% төмөндөдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button