Коом

11 күндөн бери дайынсыз. Ошто 16 жаштагы Азизбек изделип жатат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан 16 жаштагы Азизбек Исраилжанов изделип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ак Алтын көчөсүнүн 2006-жылы туулган тургуну Азизбек Исраилжанов 5-август күнү саат 17:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Салмагы 55-60 килограмм.

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, бутунда спорттук бут кийим.

Ак-Буура милиция бөлүмү Азизбек Исраилжанов тууралуу маалымат билгендерди (03222)-6-64-02, 0509-22-69-32 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button