Коом
Кыргызстанда жаңы такси кызматы түзүлүп, электромобилдер паркы ачылат

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашууга бүгүн министрликте «Улуттук инвестициялык фонд» ААК менен кытайлык Shenzhen Wuyou Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кол коюлду.
Келишимдин алкагында өлкөдө улуттук такси агрегатору, электромобилдер паркы жана электр унааларын кубаттоочу станциялар тармагы түзүлөт. Долбоорлор транспорт тармагын санариптештирүүгө жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар бул демилге узак мөөнөттүү инвестициялык кызматташтыкка бекем негиз болорун билдиришти.



