Коом

Садыр Жапаров: Мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип, биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы алардын талыкпаган эмгегинин үзүрү

“Бекеринен мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип катары сыпатталбаса керек. Чындыгында эле биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалим менен тарбиячынын талыкпаган эмгегинин үзүрү экенин эч ким тана албайт”, — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында баса белгиледи. 

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет экенин айтты. 

“Бүгүн биз ошол мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыздын эмгегин татыктуу баалоо, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлгөн „Жылдын мыкты мугалими“, „Мыкты тарбиячысы“ сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында турабыз”, — деди Президент.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button