Коом
Бишкектин Арча-Бешик конушунда турак үйлөрдү суу каптады

Бишкектин Арча-Бешик конушунда турак үйлөрдү суу каптады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээтен бери жаап жаткан нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып кеткен.
ӨКМ баштаган тиешелүү кызматтар тазалоо иштерине тартылды. Түнү менен таштандыга толуп калган дренаж каналдар тазаланып, турак жайлардын короолоруна кирген суулар сордурулган.
Тактоо иштеринин натыйжасында Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү алты, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14, Жайыл баатыр көчөсүндөгү төрт, Шербет көчөсүндөгү сегиз үйдү суу каптаганы аныкталды.



