Коом
Караколдогу аэропорт жазында ишке берилет
Ысык көлдүн Каракол районундагы аэропорт 30 жылдан бери кароосуз калып, чөп басып кеткени маалым. Бул аэровокзал келе жаткан жылдын жаз айында колдонууга берилет. Эл аралык стандартка ылайыкталып, конуу тилкеси дагы 400 метрге узартылып жасалып жатыптыр.
Ысык-Көл туристтик жай, айрыкча Караколго тоо туризмине байланыштуу коноктор көп келет. Кышында лыжа базасына элдер толот. Мамлекет акыркы 2 жыл ичинде катуу темп менен өнүгүп, сезилерлик жумуштарды аткарып жатат.



