Коом

УКМК:Оштун эки тургуну Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунан баш тартышты

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР УКМК “Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.

2023-жылдын 10-августунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун ишмердүүлүгүнө КР аймагында тыюу салынгандыгы, ошондой эле диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары А.О.М. жана М.М.га соттун чечими жеткизилди.

Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын А.О.М. жана М.М. аттуу жарандары экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

Бул багыттагы иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button