Коом

Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары чогуу ооз ачышты

Баткен облусунун Лейлек районунун чек аралаш айылдарынын тургундары менен Тажикстандын Гафуров районунун тургундары менен биргеликте ооз ачарга чогулушту. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эки тараптын элдери демилгелеген ифтарга Лейлек жана Гафуров райондорунун акимдери менен бирге күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, жалпысынан 100гө жакын жарандар чогулган.

Ушундай эле иш чара Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда да өткөрүлгөн.

«Эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш чарада, коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында жараткандан жакшылыкты, биримдикти жана тынчтыкты тилеп дуба кылышты. Ошону менен бирге жаштарды да ынтымака чакырып биримдикте жашоо керектигин билдиришти», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button